
作词 : Nurlan Nasip
作曲 : Nurlan Nasip
Билбейм неге ээлеп алдың ойлорумду,
Түшкө кирдиң, сен да мени ойлодуңбү?
Үмүтүм өчүп-жанып турган кезде,
Бир жылмайып койбодуңбу?
Таттуу махабатым, сага ыр сунамын,
Мени жандап турсаң ар дайым
Бакытка кабыламын.
Таттуу махабатым, сени издеп таптым,
Ширин сүйлөп турсаң ар дайым
Сезимге багынайын.
Көздөрүңө байланамын эркем менин,
Сезип турам келет сенин эркелегиң.
Жашоодо кол кармашып бирге болсок,
Жаркын болот келечегим.
Таттуу махабатым, сага ыр сунамын,
Мени жандап турсаң ар дайым
Бакытка кабыламын.
Таттуу махабатым, сени издеп таптым,
Ширин сүйлөп турсаң ар дайым
Сезимге багынайын.
……
Таттуу махабатым,
сага ыр сунамын,
Таттуу махабатым, сени издеп таптым,
Ширин сүйлөп турсаң ар дайым
Сезимге багынайын.