
作词 : Сейит Алтымышов
作曲 : Тараз Асанакунов
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен
Кошулайын дайрага
Тоо койнунда жалгыз булак
Шыңгыр добуш үн салат
Добушунда алгач сүйүүм муңканат
Алгач ирет көрүшкөнбүз
Жылдыздарды кучактап
Күбө болгон тун сүйүүмө мөлтүр булак
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан
Махабат, сени тапкам тоо булагынан
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен, ай
Кошулайын дайрага
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен, ай
Кошулайын дайрага
Таң сүргөндө мага айттың
Наз жүрөктүн арманын
Менден башка бар эле деп ардагым
Андай болсо айтчы неге
Ак сүйүүмдү булгадың?
Жүрөгүмдү сага деген жараладың
Арманым,ай, ак тилегим, ай-кумарынан
Махабат, сени тапкам тоо булагынан
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен, ай
Кошулайын дайрага
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен, ай
Кошулайын дайрага
На-на-на, на-на-на
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен, ай
Кошулайын дайрага
Тоо булагым, айланса
Көз жаш менен арманга
Тоо булагым, сени менен, ай
Кошулайын дайрага