
作词 : Абийир Касенов
作曲 : Абийир Касенов
Көп күттүргөн аруу сезим келди мага
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда
Тагдырым менин берген бакытымды
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем
Мөлтүр таза менин сага махабатым
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Жүрөгүмдүн оотой ысык алоосу сен
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен
Жанбиргем деп жандап жүрсөм сезим арнап
Жалындаган сүйүүм менин сени тандайт
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем
Мөлтүр таза менин сага махабатым
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Айланчыктап жаныңдан чыккым келбейт
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет
Ай перидей жамалыңды бир көрүүгө
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем
Мөлтүр таза менин сага махабатым
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын